
сүрөт маалыматтык максатта интернет булактарынан колдонулду
5-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш сейил багы аймагынан эки япониялык туристти эвакуациялашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча ӨКМдин 112 кызматына “Корона чокусу” тарапта жүргөн эки жапониялык жаран кайрылып, алардын биринин абалы начарлап кеткенин билдиришкен. Окуя болгон жерге ӨКМдин тоо-куткаруу отрядынын 8 кызматкери жөнөтүлгөн.
Куткаруучулар туристтерге жеткенден кийин жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми экинчи туристтин абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Андан соң эки чет элдик жаран тоодон түшүрүлүп, Бишкектеги шаардык ооруканалардын бирине жеткирилди.