
ӨКМ кызматкерлеринин куткаруу учурундагы сүрөтү окуяга тиешеси жок
Чүй облусундагы 112 кызматына Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын «Пик Корона» хижинасынан эки чет элдик жарандын (Япониянын жарандары) бирөөсүнүн ден-соолугу начарлап, жардам сурап кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматтын негизинде куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Тоодон куткаруу кошуунунан 8 куткаруучу тартылган.
Куткаруу тобу «Корона» хижинасына жетип, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу экени аныкталган.
Жыйынтыгында куткаруучулар тарабынан эки жаран тең тоодон түшүрүлүп, №4 шаардык ооруканага жеткирилди.



