
Свердлов районунда өткөн спартакиадага 600дөн ашуун тургун катышты.
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 11–26-апрель күндөрү конуш тургундары арасында жазгы спартакиада уюштурулду. Спорттук мелдештер «Восток» айылындагы спорт аянтчасында өтүп, ага ар кайсы конуштардан 684 адам катышты.
Программага жети спорт түрү кирип, анын ичинде кичи-футбол, волейбол, армрестлинг, тогуз коргоол, аркан тартыш, чүкө оюну жана балдар үчүн жеңил атлетикалык эстафета болду.
Иш-чаранын негизги максаты — тургундарды сергек жашоо образына үндөө, жаштарды спортко тартуу жана келечектүү спортчуларды аныктоо. Мындан тышкары, балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү да каралды.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен командалар медаль, диплом жана кубоктор менен сыйланышты. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү департаменти уюштурду.