
Кыргызстандык мушкер эл аралык Дүйнө кубогунда жарым финалга чыгып, коло медалды кепилдеди.
Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтүп жаткан World Boxing Дүйнө кубогунда Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев жарым финалга чыкты.
50 кг чейинки салмак категориясында ал 1/8 финалда Япония спортчусун, ал эми чейрек финалда Австралия өкүлүн 3:2 эсебинде жеңип, кеминде коло медалды камсыз кылды.
Жарым финалдык беттеш 25-апрелде Азербайжандын өкүлү менен өтөт.



