
2026-жылдын 20-апрелинде Китеп күнүнө арналган Окуу он күндүгүнүн алкагында актриса, эмгек сиңирген артист Альбина Имашова №68 А.Осмонов атындагы мектепке барды.
Иш-чарада ал 6-«Д» классынын окуучуларына “Туура жолду тандаган бала” аттуу чыгарманы окуп берди. Жолугушуунун максаты — окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырып, тарбиялык баалуулуктарды калыптандыруу болду.
Окуудан кийин балдар активдүү суроолорду берип, өз ойлору менен бөлүшүштү. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаштар арасында китеп окууну жайылтууга өбөлгө түздү.