
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги министри М.К. Мамбеталиев 2026-жылдын 20–21-апрелинде Париж шаарындагы ЮНЕСКО штаб-квартирасында иш сапары менен болду.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыздын салттуу суусундугу “Максым” даярдоо боюнча билимдер ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине расмий киргизилип, тиешелүү сертификат тапшырылды.
Министр ЮНЕСКОнун башкы директору жана маданият маселелери боюнча жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу маданий кызматташтык, дүйнөлүк мурастарды сактоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Ошондой эле Кыргызстан 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ЮНЕСКОнун колдоосун алганын белгиледи.
Жолугушууларда ошондой эле Сулайман-Тоо жана Батыш Тянь-Шань дүйнөлүк мурастар объекттерин сактоо маселелери да каралды.
Иш сапар эл аралык маданий диалогду чыңдоого жана Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталды.