
Базар-Коргон районунда ички чарбалык каналдарды тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат.
Иш-чара Суу ресурстары кызматы тарабынан жүргүзүлүп, атайын техникалардын жардамы менен каналдардын нугу тазаланууда.
Бул иштер сугат суунун өз убагында жана үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоого багытталган. Ошондой эле каналдарды тазалоо сугаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, суунун коромжусун азайтууга жана дыйкандарды колдоого шарт түзөт.