
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментиде Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү боюнча окутуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — кызматкерлердин кырсык учурларында туура жана ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн жогорулатуу.
Окутуу учурунда сууда коопсуз жүрүм-турум, өрт коопсуздугу, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү, эвакуация тартиби жана жер титирөө учурундагы аракеттер боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин коопсуздук даярдыгын күчөтүп, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам иш алып барууга шарт түзөт.