
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы муниципалдык аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө П. Лумумбы көчөсүнүн бир бөлүгүндө жана Кудайберген базарынын аймагында туш келди орнотулган сырткы жарнамалар алынууда. Ошондой эле ШКУ саммитине даярдык алкагында Киев көчөсүндө мыйзамсыз жарнамалык конструкциялар демонтаждалууда.
Мэриянын комиссиясынын чечими менен П. Лумумбы жана Шаттык көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече жеңил конструкциялар ыктыярдуу түрдө алынды.
Тиешелүү кызматтар шаарды тартипке келтирүү жана муниципалдык менчикти тазалоо иштерин улантууда.