
20-апрелде казак жана кыргыз элдерине бирдей таандык улуу акын, жазуучу жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.
Ал 1942-жылы Түркстан облусунда төрөлүп, СССР Жогорку Советинин депутаты жана Казакстандын парламентинин мүчөсү болгон. Ошондой эле Кыргызстанда элчи болуп иштеп, эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоого салым кошкон.
Мухтар Шаханов 1996-жылы Казакстандын Эл жазуучусу, ал эми 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамдарын алган. Бишкек шаарынын ардактуу жараны болгон.