
АКШ жана Израилдин Иранга каршы жүргүзүлгөн аскердик операциясынын натыйжасында кеминде 3,5 миңге жакын адам каза болду. Бул тууралуу Иран өкүлү Сейед Ахмад Мосавиге таянып эл аралык басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңжал башталгандан бери 3 468 адамдын өлүмү катталган.
Ошондой эле 28-февралдан бери аймакта АКШ, Израил жана Иран ортосундагы чыңалуу уланууда. Тараптар буга чейин убактылуу ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга келген, бирок туруктуу келишимге жетише элек. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы күтүлүп жаткан учурда Иран АКШнын талаптарына байланыштуу жаңы жолугушууга катышуудан баш тартканы айтылды.