
Сабах штатында 19-апрелге караган түнү ири өрт чыгып, миңге жакын үй күйүп кетти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 9 миңден ашуун адам жабыркап, өрттү өчүрүүгө 37 куткаруучу тартылган. Өрттүн тез жайылышына катуу шамал жана үйлөрдүн бири-бирине өтө жакын жайгашканы себеп болгон.
Бул аймакта негизинен аз камсыз болгон тургундар, жергиликтүү эл жана жарандыгы жок адамдар жашап келишкен.