
Бишкек шаарында Окуу декадасынын алкагында мектеп окуучулары менен жолугушуулар уланууда. 20-апрелде шаардык мэриянын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иши боюнча департаментинин директору Канатбек Маматов №38 мектепке барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарада 4–5-класстын окуучуларына Аман Кармышаковдун «Жууган колуңду силкпе!» чыгармасы окулуп берилип, адабий талкуу уюштурулду.
Жолугушуунун максаты — балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана ата мекендик авторлордун чыгармаларын таанытуу.
Окуучулар өз ойлорун айтып, суроолорун берип, активдүү катышты. Иш-чара достук жана жандуу маанайда өттү.