
Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын 148 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага шаар тургундарын жана конокторду чакырат.
29-апрелде Ала-Тоо аянтында саат 18:00дө мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти өтөт. Андан соң саат 19:00дө «Вальс кечеси» конкурс-фестивалы башталып, профессионалдык жана ышкыбоз бий жамааттары катышат.
Майрамдын өзгөчө бөлүгү — бардык каалоочулар катыша турган жалпы вальс бийи болуп, борбор калаада биримдик жана майрамдык маанай түзүлөт.
Кечки программа концерттик номерлер жана чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат.