
23-апрелде Бишкек мамлекеттик университети имаратында бош орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү өтөт.
Иш-чарага 100гө жакын уюм катышып, 5000ден ашык вакансия сунушталат. Катышуучулар иш берүүчүлөр менен маектешип, резюме түзүү жана жумушка орношуу боюнча кеңеш ала алышат.
Иш-чара саат 10:00дө башталат.