
Мексикадагы зоопарктардын биринде Юдзи аттуу маймылга энесинин ордуна жумшак оюнчуктар берилип, эмоционалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, энеси таштап кеткенден кийин кичинекей маймыл жалгыз калбашы үчүн ага оюнчуктар берилген. Юдзи күн сайын аларды кучактап ойгонору айтылат.
Учурда бөбөктүн салмагы 673 граммды түзөт. Адистер анын абалын дүйнөгө белгилүү Панчу аттуу маймыл менен салыштырышууда.
Белгиленгендей, Юдзи азырынча башка маймылдар менен байланышта боло элек жана адистердин көзөмөлүндө багылып жатат.