
Бүгүн, 18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери санитардык авиация менен Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация бөлүмүнө жаткырылып, анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал комада жана жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
Эске салсак, жабырлануучу 4-апрелде оор абалда Лейлек райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Ага оор баш мээ жаракаты жана кан куюлуу диагнозу коюлган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бейтапка зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.