
Чүй облусунун Кемин шаарында 15-апрелде 43 жаштагы эркектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Алгачкы кароодо маркумдун денесинде жаракаттар аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн маалыматына караганда, ошол түнү үч жаран жабырлануучу менен пикир келишпестикке барып, аны сабап кетишкен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.
Шектүү катары 31, 28 жана 29 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.