
Анталия дипломатиялык форумунун алкагында президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл учурдагы коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө бурулду.
Тараптар гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, жабыркаган калкка жардам көрсөтүү маселелерине да токтолушту.
Ошондой эле кыргыз тарап БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин колдоону өтүнүп, сириялык тарап бул маселени колдоого даяр экенин билдирди.