
Чүй облусунда адам сабоого шектелген үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-апрелде Аламүдүн районунун Ленин айылында жабырлануучу сабалганы тууралуу маалымат түшүп, ал дароо ооруканага жеткирилген.
Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында 2008, 2007 жана 2009-жылы туулган үч өспүрүм шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя унаа токтотуучу жайдагы жаңжалдан улам чыккан. Шектүүлөр жабырлануучуну сабап, андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.