
Башкы прокуратура тарабынан 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун бирдиктүү программасы иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №227-т тескемеси менен бекитилди.
Программа коррупциянын алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо, кызматтагы чектөөлөр жана этикалык жүрүм-турум нормалары боюнча негизги темаларды камтыйт.
2026-жылдын башынан бери бул багытта 9 окуу курсу өткөрүлүп, 129 кызматкер окутуудан өттү. Мындан ары окутуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын 30 пайыздан ашыгын камтышы пландалууда.