
Кыргызстандын Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти менен Өзбекстандын тиешелүү көзөмөл инспекциясынын ортосунда жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушууда курулуш объектилерин көзөмөлдөө, санариптик мониторинг системаларын киргизүү, онлайн байкоо борборлорунун иши жана инспекторлорду заманбап техникалар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл көзөмөл процесстерин санарип форматка өткөрүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга бурулду.
Жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантып, курулуш тармагында санариптик чечимдерди кеңири киргизүү боюнча кызматташууну күчөтөрүн билдиришти.