
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү 1-класстар үчүн даярдалган “Алиппе” окуу китептерин кабыл алышты.
Китептер «Учкун» ААКнын басмаканасында басылып чыгып, кыргыз тилинде окутулган класстар үчүн арналган. Жалпы 90 380 нуска даярдалып, өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге таратылат.