
11–12-апрелде Бишкек шаарында хип-хоп маданиятына арналган эл аралык Groove Republic: LDDLM Edition фестивалы болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген бийчилерди бириктирди. Фестиваль ошондой эле “Франкофония жазы” программасынын алкагында өтүп, Франция, Швейцария, Европа Бирлигинин өкүлчүлүктөрүнүн колдоосуна ээ болду.
Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөгө белгилүү LDDLM Crew командасынын өкүлдөрү мастер-класстарды өткөрүп, Франция, Швейцария жана Испаниядан келген бийчилер катышуучулар менен тажрыйба бөлүштү. Музыкалык коштоону Франциянын Ницца шаарынан келген DJ TellaX камсыз кылды.
Фестиваль катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуу жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү аянтчасы болуп, Кыргызстанды заманбап маданий борбор катары таанытууга өбөлгө түздү.