
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө салык органдары «Б» ЖЧКга карата текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы аныкталды.
Маалыматка ылайык, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктарды туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз эсептөө аркылуу ишкерге 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн.
Прокурордук чаралардын негизинде ишкердин укуктары калыбына келтирилип, аталган сумма толугу менен жокко чыгарылды. Ошондой эле салык органынын 4 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.
Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөө боюнча иштер улантыларын билдирди.