
14-апрелде Балыкчы шаарындагы №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектепте өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана окуучулар менен мугалимдерге өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүнү үйрөтүү болду. Машыгууда өрт коопсуздугу, электр шаймандарын колдонуу эрежелери, эвакуация тартиби жана “101”, “112” кызматтарына кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.
Машыгууга ӨК бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүүчү техника, 1 авариялык куткаруу унаасы жана 12 кызматкер, Ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер, ошондой эле тез жардам кызматы катышты.