
Бүгүн, 15-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде 22–30-апрель күндөрү Кытайдын Санья шаарында өтө турган VI Азия пляждык оюндарына катышуучу спортчуларды узатуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Улан Кыдырбаев спортчуларга мамлекеттик тууну салтанаттуу түрдө тапшырып, аларга чоң ишеним артылганын белгиледи. Ал ошондой эле алдыдагы мелдештерде мекендин намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетишүүгө ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортчулары катышып, 14 спорт түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортчу катышат.