
Кыргыз футбол биримдиги билдирет: Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев КФБ президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырууда.
Футбол коомчулугу анын кыска убакыттагы ишмердүүлүгүндө аткарылган иштерди белгилеп, өлкө футболун өнүктүрүүгө кошкон салымы, лидерлик сапаттары жана реформаларды ишке ашыруудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.
2024-жылдан тарта футбол тармагында системалуу өзгөрүүлөр жүрүп, мамлекеттик колдоо күчөдү, инфраструктура жаңырды, жаңы стадиондор курула баштады.
Профессионалдык футболдо чемпионаттын форматы кеңейип, VAR системасы киргизилип, клубдарга колдоо күчөтүлдү. Натыйжада улуттук курама командалардын көрсөткүчтөрү да жакшырууда.
Балдар-өспүрүмдөр футболуна өзгөчө көңүл бурулуп, академиялар өнүктүрүлдү.
Кыргыз футболу үчүн салымы үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирилет.