
Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы кезектеги конгресси өттү.
Конгресстин күн тартибинде негизги маселелер каралып, КФБнын Аткаруучу комитетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2026–2030-жылдарга жаңы курам шайланды.


Жаңы жетекчилик КФБнын мүчө уюмдары тарабынан сунушталып, делегаттар тарабынан бекитилди. Аткаруучу комитеттин курамы жаңылануу менен бирге футболду өнүктүрүүгө багытталган ишти улантуу максатында түзүлдү.
КФБнын президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич ишмердүүлүк боюнча отчет берип, жаңы мөөнөткө талапкерлигин койбой турганын билдирди. Ал футболду өнүктүрүү багытындагы реформаларды улантуу зарылдыгын белгиледи.


Президенттик кызматка талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, бул маселе боюнча шайлоо өткөрүлгөн жок. Жаңы шайлоо датасы кийинчерээк белгиленери айтылды.
Конгресстин жыйынтыгында КФБнын Аткаруучу комитетинин жаңы курамы бекитилди.