
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун жашоочулары жана активи менен жолугушуу өткөрдү.
Ал айыл чарбасы аймактын азык-түлүк коопсуздугунун жана жумуш орундарын түзүүнүн негизги тармагы экенин белгиледи. Президент сугат суу маселесин чечүү боюнча насостук станциялар курулуп, суу үнөмдөөчү технологиялар киргизилип жатканын айтты.
Ошондой эле Жаман-Адыр массивин суу менен камсыздоо, Ак-Турпак каналын реабилитациялоо жана суу сактагычтар боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Президент райондо таза суу, жол жана социалдык объектилер боюнча да иштер жүрүп жатканын айтып, быйыл дагы бир катар мектептер жана социалдык мекемелер куруларын кошумчалады.
Жолугушуунун аягында ал аймактарды өнүктүрүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу мамлекеттин негизги багыты экенин белгиледи.