
Бүгүн, 14-апрелде Талас облусунун тургундары Азия чемпионун, анын машыктыруучусу Хаким Махмудовду жана Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбек уулун чоң сый-урмат менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү облус тургундары менен биргеликте тосуп алышты.


Афтандил Таалайбек уулу 2010–2011-жылдардан бери грек-рим күрөшү менен машыгып келет. Ал тажрыйбалуу машыктыруучу Хаким Махмудовдун тарбиясын алып, тынымсыз эмгек жана өжөрлүк менен чоң ийгиликтерге жетишти. Азия чемпионатында ал бардык атаандаштарын жеңип, финалда ирандык спортчуну 7:2 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.