
Айтматов районунда агрардык башкармалык жана “Элдик Банк” фермерлерге берилген жеңилдетилген насыялардын пайдаланылышын текшерди.
Мониторинг учурунда каражаттардын максаттуу жумшалышы, малдын абалы жана төө буурчак сакталган кампалар каралды.
Жыйынтыгында насыялар туура колдонулуп жатканы, чарбалардын абалы канааттандырарлык экени белгиленди.



