
Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан район аймагында ички арыктарды тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Иш-чаралар жергиликтүү тургундардын катышуусу менен ашар ыкмасында уюштурулуп, жазгы сугат мезгилине даярдык көрүүгө жана сууну үнөмдүү пайдаланууга багытталган.
Учурда бир катар айыл аймактарда тазалоо иштери уланууда. Натыйжада арыктардын өткөрүмдүүлүгү жогорулап, суунун жоготуусу азайып, айыл чарба жерлерин өз убагында сугарууга шарт түзүлүүдө.
Мындай иштер дыйкандардын ишин жеңилдетип, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.