
Бишкек шаарында психотроптук заттарды ташуу жана сатууга шектелген жарандар кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү заттар табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголуп, 1992-жылы туулган А.у.Ж. жана 2000-жылы туулган К.у.Н. кармалды.
Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.