
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп Болотбек Ашыралиев дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка президенттик администрациянын өкүлү Эржигит Ибраимов тааныштырды.
Ашыралиев эмгек жолун 2021-жылы “Жаштык” дирекциясында баштап, кийин бир катар спорттук мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Акыркы учурда спорттук курулмалар жана камсыздоо боюнча мамлекеттик мекемени жетектеп келген.
Ошондой эле ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп саналат.