
КР УКМК Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдоо этабындагы долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларды аныктады. Иликтөөнүн алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө маалыматына ылайык, экс-депутат кызматтык абалынан пайдаланып, жеке компаниянын кызыкчылыгын колдоп, материалдык пайда алууга аракет кылган. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгында айрым иштердин көлөмү негизсиз көбөйтүлүп, мамлекетке ири зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда УКМК кошумча тергөө иштерин жүргүзүп, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракетин улантууда.