
Кечээ, 31-мартта Бишкек шаарынын мэри Aibek Junushaliev Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы көп кабаттуу үйдүн тургундары менен жолукту.
Маалыматка ылайык, аталган имарат эки жылдан бери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда техникалык абалы начарлап авариялык деп бааланууда. Тургундарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жаңы батирлер сунушталып, айырмасын жеңилдетилген шартта төлөө мүмкүнчүлүгү каралууда.
Мэрдин айтымында, мүлктөр бааланып, ар бир ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлөт. Ошондой эле коммерциялык жайлар да турак жайлар менен бирдей каралары белгиленди. Жалпы бул аймакта 350гө жакын батир бар, алардын айрымдары муниципалитетке таандык.