
Каракол шаарындагы муниципалдык мал базарда кеңири дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага ветеринардык жана шаардык кызматтар тартылып, аймак 5% хлорлуу эритме менен тазаланды.
Анын алкагында базардын сырткы аймагы толугу менен тазаланып, ички бөлүгүндөгү мал союучу жайлар санитардык талаптарга ылайык дезинфекцияланды. Ошондой эле унаалардын дөңгөлөктөрүн жана малдын туяктарын тазалоо үчүн атайын жайлар жаңыланып, кайра ишке киргизилди.
Бул иштер жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык абалды жакшыртуу максатын көздөйт. Ветеринардык кызмат мындай көзөмөл мындан ары да улантыларын билдирди.