
УКМК тарабынан КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын тобунун жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү, трансформациялоо жана сатуу менен алектенген мыйзамсыз иштери токтотулду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылы Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке материалдык байлык топтоо максатында жана айрым жарандардын кызыкчылыгы үчүн Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар аянттагы айыл чарба жер тилкесин мамлекеттик менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.
2024-жылы Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жер тилкеси мыйзамсыз түрдө «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына өзгөртүлүп, бул анын базар баасынын бир нече эсеге жогорулашына алып келген. Андан соң, аталган жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин 4 кызматкери Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э. жана Манас айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери Р.А. жана Х.Н. коррупция боюнча айыпталып, тергөө иштери уланууда.


