
Рамзан Кадыровдун уулу Ахмат Кадыров “дене тарбия жана спорт тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык эмгеги үчүн” ыраазычылыкка татыды. Ал 2024-жылы жаштар иштери боюнча министр болуп дайындалып, кийин спорт министри кызматын аркалаган. 2026-жылдын башында Чеченстандын өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган.
Ошондой эле анын бир тууганы Адам Кадыров 2025-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеп келет. Ал эми эжеси Айшат Кадырова жергиликтүү өкмөттө жетекчилик кызматта иштейт.


