
31-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча клубдар аралык чемпиондуктун 1-туру расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Ачылыш аземине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 8 команда катышууда. Оюндар 2-апрелге чейин уланат.
Белгиленгендей, ордо боюнча клубдар аралык чемпионат Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Чемпиондуктун кийинки турлары Жалал-Абад облусунда жана Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.


