
Бишкекте 1-апрелден тарта Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тилкеде жолду кеңейтүү, тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана асфальт төшөө пландалууда. Шаар бийлиги тургундарды альтернативдүү каттамдарды пайдаланууга чакырды.


