
«Бишкекгаз» кызматы 1–3-апрель күндөрү жер астындагы газ өткөргүчтөрдү оңдоого байланыштуу газды убактылуу өчүрөт.
Өчүрүү Жантөшов, Байтик Баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү чектелген аймактарда жүргүзүлөт. Ошондой эле «Кыргызавтомаш» заводу, макарон цехи, «Жыргал» жана «Байтур» мончолору да убактылуу газсыз калат.


