
.
Бишкектеги Улуттук онкология борбору жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган төрт жаңы УЗИ аппараты менен камсыздалды.
Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү аппараттардын ар бири 8,4 млн сом турат. Жабдууларды сатып алууга кеткен каражатты президенттин администрациясы бөлгөн.
Жаңы аппараттар бейтаптарды текшерүүгө кезек күтүүнү кыскартууга, шишиктерди аныктоого жана биопсияны так жүргүзүүгө жардам берет. Жасалма интеллект ультраүндүк сүрөттөрдү талдоодо дарыгерлерге көмөк көрсөтөт. Бирок акыркы диагнозду адис коёт.
Мындан тышкары, борбордо алгачкы жолу жүрөктү УЗИден өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул химиотерапия алып жаткан бейтаптардын жүрөгүнүн абалын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.







