
.
Камчыбек Ташиев Акунбековдун кармалышы боюнча комментарий берди
Камчыбек Ташиев айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун УКМК тарабынан кармалышы боюнча комментарий берди. Анын билдирүүсүн тарапташы Өткүрбек Рахманов жарыялады.
Билдирүүдө Акунбеков дыйкандарга сатуу үчүн бажы төлөмдөрүнөн бошотулган жер семирткичтерди ири ишканаларга коммерциялык баада саткан деп шектелип жатканы айтылат. Ошондой эле тиешелүү документтерди жасалмалоо фактысы да тергөөнүн алкагында каралып жатканы белгиленген.
Маалыматка ылайык, мамлекетке төлөнүүгө тийиш болгон ири көлөмдөгү каражаттарды төлөөдөн качуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, салык жана бажы органдарынын бул процесстерге көзөмөл жүргүзбөй калган жагдайлары да иликтенүүдө.
Билдирүүдө УКМКнын тергөөчүлөрү Финансы министрлигинин, Салык кызматынын жана башка тиешелүү мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыянды эсептегени айтылат. Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 млрд сомдун тегерегинде болгон.
Ошондой эле Акунбеков «ооруп жатам» деп арыз бергенден кийин үй камагына чыгарылганы айтылды.
Буга чейин Эрлист Акунбеков «кустуризациянын» алкагында төрт ай камакта отурганын, бирок анын айтымында, мыйзам бузуу боюнча эч нерсе табылбаганын билдирген.







