
.
«Учур» жаштар театры 26-чыгармачылык сезонун «Чиркин өмүр» комедиясы менен ачты. Спектаклдин бет ачары 6-октябрда өттү.
Комедия В. Л. Гуркиндин белгилүү «Сүйүү жана көгүчкөндөр» пьесасынын негизинде сахналаштырылган. Анда үй-бүлөлүк мамиле, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу баяндалат.
Спектаклдин ачылышына Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство башкармалыгынын начальниги Акжол Доранбек уулу катышты.
«Чиркин өмүр» спектакли Кыргыз Республикасынын эл артисти Уланмырза Карыпбаев жетектеген чыгармачыл топ тарабынан даярдалган. Чыгарма буга чейин бир катар театр фестивалдарына жана сынактарга катышып, жогорку бааларга жана сыйлыктарга татыган.
Спектаклде чыныгы сүйүү, кечиримдүүлүк жана үй-бүлөлүк ынтымактын мааниси көрсөтүлүп, каармандардын кызыктуу окуялары көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.