
.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында алтын медаль утту.
60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан финалдык беттеште Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен кез келип, атаандашын 7:5 эсебинде жеңди.
Шаршенбеков мелдешти 1/8 финалдан баштап, бул этапта Түштүк Кореянын балбанын 9:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.
Ал эми жарым финалда Ирактын өкүлүн 40 секунддун ичинде 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында да чемпион болгон. Бул анын Азия оюндарындагы катары менен экинчи алтын медалы болду.