
.
Бишкекте виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдап, пайдаланууга шектелген чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козгогон.
Анын алкагында 1-октябрда 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Алар виза алуу үчүн керектүү документтерди жасалма даярдоого жана аларды пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда тергөө иштери уланып, окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле жасалма документтерди даярдоого жана колдонууга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдар аныкталууда.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү чечим кабыл алынат.