
.
Кыргызстанда ири инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, мындай мүмкүнчүлүк өлкөгө 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго берилет. Мында жер тилкесинин өзү эмес, инвесторго белгилүү мөөнөткө берилген аны пайдалануу, башкача айтканда, ижара укугу гана күрөөгө коюлат.
Бул механизм инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон насыялык каражаттарды тартуу максатында колдонулмакчы. Жерди күрөөгө коюу үчүн инвестор аны ижарага берген мамлекеттик же муниципалдык органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алышы керек.
Ошол эле учурда айрым категориядагы жерлерди күрөөгө коюуга жол берилбейт. Алардын арасында токой жана суу фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, ошондой эле коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек арага тиешелүү жерлер бар.
Инвестор жерди пайдалануу укугун күрөөгө койгондон кийин да ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат.
Эгер инвестор насыя боюнча милдеттенмелерин аткара албай калса, жер тилкесинин өзү эмес, аны пайдалануу укугу ачык аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн.



