
.
Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы кол башчысынын биринчи орун басары жана дагы төрт офицер кармалды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алар Каспий деңизинде аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу кармалган.
Беш офицерге оор кесепеттерге алып келген шалаакылык жана кемени башкаруу эрежелерин бузуу боюнча айып коюлууда.
Учурда кармалгандар Актау шаарындагы полициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды.